Артынан сая түшүү, катуу куугунтукка алуу, такай аңдып калуу. Сары изине чөп салып, Саргара кууп алыптыр («Манас»).
Артынан сая түшүү, катуу куугунтукка алуу, такай аңдып калуу. Сары изине чөп салып, Саргара кууп алыптыр («Манас»). В.: Сары изине чөп ченөө. Райондун газетасына жазып, экөөбүздүн сары изибизге чөп ченеп жүргөн ошол! («Чалкан»). Изине чөп салуу. Анын изине чөп салып, ушак таратууну максат кылды (Сыдыкбеков). Кокту-колоттун арасын аңтарып, басмачынын изине чөп салмакчы болду (Мияшев). Баскан изине чөп салуу. Алардын баскан изине чөп салып, астыртан аңдууну ойлоду (Жантөшев).